Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:07

200 миңге жакын салык төлөөчү декларация тапшырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18-мартка карата 196 946 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Алардын арасында 43 860 юридикалык жак, 88 743 жеке ишкер, 27 382 жеке жак, 7 441 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 30 294 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бар.

1-апрелге чейин жеке жактар былтыр алынган кирешелер, жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык иши тууралуу жана башка маалыматтар боюнча салык органдарына отчет бериши керек.

Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн иш алып барган дыйкан жана фермердик чарбалар бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү. (BTo)

XS
SM
MD
LG