Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:34

Жаңы Зеландия: эки мечиттеги чабуулдун курмандыктары 49га жетти


Жарадар болгон адамды ооруканага алып баратышат.
Жарадар болгон адамды ооруканага алып баратышат.

Жаңы Зеландияда эки мечитке коюлган чабуулда кеминде 49 киши өлүп, 20 киши жарадар болгонун өлкөнүн бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Жума намаз учурундагы калаба Крайстчерч шаарынын борборундагы Аль-Нур жана шаардын чет-жакасындагы Линвуд мечиттеринде болгон.

«Муну террордук акт деп гана чечмелөөгө мүмкүн экени анык», - деди өлкөнүн премьер-министри Жасинда Ардерн. Өкмөт башчы бул Жаңы Зеландиянын тарыхындагы бирден-бир каран күн экенин белгиледи.

Кылмышка шектүү катары төрт киши кармалганы кабарланууда. Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон алардын бири австралиялык экенин ырастады.

Аль-Нур мечитинде болгон Ахмад аль-Махмуд аттуу күбө чабуул койгондордун арасынан тулгачан, чопкут калканчан ак жүздүү, сары чачтуу кишини айра таанып калганын айтып жатат. «Колунда чоң автоматы бар эле... Кирип эле мечиттегилерди ой келди аткылай баштады» дейт ал. Махмуд жана башкалар айнек эшиктен качып чыгышыптыр.

Кооптуулук жагдайынан улам Жаңы Зеландиядагы бардык мечиттерди жаба туруу жөнүндө сунуш түштү.

Полиция шектүү автоунаадан жарылма куралдарды тапканын билдирди.

XS
SM
MD
LG