Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Казакстан: укук коргоочулар Билашты бошотууну талап кылышууда


Серикжан Билаш.
Серикжан Билаш.

Казакстандык жана норвегиялык укук коргоочулар «Ата Журттун ыктыярчылары» уюмунун жетекчиси, активист Серикжан Билашты бошотууну талап кылышты.

13-мартта Норвегиянын Хелсинки комитети менен Казакстандын Адам укуктары боюнча бюросу биргелешкен билдирүү таратып, Серикжан Билаш жана ал жетектеген уюм Шинжаңдагы казактардын, улуттук азчылыктардын укуктары жапырт бузулуп жатканын коомчулукка биринчи болуп ачыкка чыгарганын, ал акыркы мезгилде бир нече ирет бийликтин кысымына алынганын кабарлашты.

Билдирүүдө Билашты коомчулукка жаман көрсөтүү аракети башталганы жазылган.

Билаш Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районундагы улуттук азчылыктардын укугун коргогон активисттердин «Ата Журттун ыктыячылары» уюмун жетектейт. Ал өткөн аптада «улут аралык кастыкты козуткан» деген шек менен кармалып, үй камагына алынган.

Активисттин адвокаты Айман Умарова ал Казакстандын атайын кызматы жана полициясынын басым-кысымына кабылганын билдирип жатат.

XS
SM
MD
LG