Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Баткен жана Согди облус башчылары чек арадагы кырдаалды талкуулашты


Кыргыз-тажик чек ара аймагы. 14-март, 2019-жыл.
Кыргыз-тажик чек ара аймагы. 14-март, 2019-жыл.

Кыргызстандын Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода чек арадагы абалды телефон аркылуу талкуулашты. Бул тууралуу «Азаттыктын» облустагы кабарчысы Жеңиш Айдаровго Баткен облустук администрациясы билдирди.

Тараптар элди тынчтандырып, жолдорду ачуу жана башка маселелер боюнча макулдашты.

13-марттын кечинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков тажикстандык кызматташы Сирожиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулаган.

Ушу тапта чек арадагы Көк-Таш айылында жана Төрт-Көчө айылында жолдо ондогон адамдар топтолуп турат. 100дөй автоунаа тажик аймагы аркылуу өтө албай жатат. Чек ара жана милиция абалды көзөмөлдөп, кайтарууга алууда. Баткен чек ара отрядынын жеке курамы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

13-март күнү саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Ага Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон жана кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун келип, бири-бирине таш ыргыткан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан.

Жаңжалдан алты кыргыз жараны жабыркады. «Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстандын 43 жаштагы жараны көз жумганын да кабарлады. (JsA/ErN)

XS
SM
MD
LG