Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:53

Британ парламенти Брекзиттен макулдашуусуз чыкканга добуш берет


Премьер-министр Тереза Мэй парламенттеги талкууда. 12-март, 2019-жыл.
Премьер-министр Тереза Мэй парламенттеги талкууда. 12-март, 2019-жыл.

Британ парламенти 29-мартта Лондондун Евробиримдик менен макулдашууга жетишпей шаркеттен чыгышына байланыштуу маселеге бүгүн добуш берет. Шейшембиде депутаттардын көпчүлүгү премьер-министр Тереза Мэйдин өкмөтү даярдаган макулдашуунун долбоорун экинчи ирет жактырбай койду. Долбоордун жаңы вариантын 242 депутат колдосо, 391и каршы чыкты.

Сынчылар жаңы келишим деле Британияны көз каранды өлкөгө айлантарын, Лондон шаркеттен чыккандан кийин Евробиримдиктин бир катар эрежелерине баш ийип каларын белгилеп жатышат.

2016-жылы 23-июндагы референдумда британдардын 52% биримдиктен чыгууну колдогон.

Буга чейин Мэй макулдашуунун долбоору колдоо таппаса, 29-мартта шаркеттен келишимсиз чыгууну же Брекзиттин мөөнөтүн июнга калтырууну сунуш кыларын билдирген.

Британ парламентиндеги депутаттардын бир бөлүгү кайра референдум өткөрүүнү жактайт. Дагы бир тобу «акыркы келишим өлкө кызыкчылыгына төп келбейт» деген пикирде.

2016-жылы 23-июндагы референдумда британдардын 52% биримдиктен чыгууну колдогон.

XS
SM
MD
LG