Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:34

Феминисттер Фемидадан жардам күтөт


Бишкекте өткөн феминисттердин жөө жүрүшү.
Бишкекте өткөн феминисттердин жөө жүрүшү.

8-мартта Бишкекте өткөн аялдардын тилектештигине арналган жөө жүрүштүн айланасындагы талкуулар токтой элек. 12-мартта маршка катышкан феминисттер учурда ар кандай коркутуп-үркүтүүгө дуушар болуп жатканын айтып чыгышты. Алар бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, чара көрүүнү өтүнүштү.

11-мартта телеканалдардын биринде жөө жүрүштүн уюштуруучуларынын бири Мира Токушева «Кыргыз чоролору» бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев менен кайым айтыша кеткен. Андан кийин Токушева «түз эфирде коркутту» деп, Көчөрбаевге каршы милицияга арыз жазып кайрылган.

12-мартта аялдардын тилектештик маршын уюштурган феминисттик уюмдардын өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүп, учурда аларды «Кырк чоро» бирикмеси, парламенттин айрым өкүлдөрү, башка белгисиз адамдар коркутуп жатышканын айтышты. Алар Ички иштер министрлигинен, Бишкек ШИИБинен жана өкмөттөн мындай аракеттерге чара көрүүнү өтүнүштү:

Надира Масюмова.
Надира Масюмова.

- Чындыгында марштан кийин коомдогу жек көрүү көбөйгөн жок. Болгону ал ачыкка чыкты. Кечээ түз эфир учурунда «Кырк чоронун» лидери биздин активистти ачык эле коркута баштады. Биз өкмөттөн ушундай учурларга реакция кылышын талап кылабыз. Ошондой эле депутат тарабынан да көптөгөн жек көрүү чакырыктары айтылып жатат. Жаран кандай социалдык макамды ээлебесин, ал мындай чакырыктары үчүн жоопкерчилик алышы керек, - деди активист Надира Масюмова.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова маршты сынга алып, «Фейсбуктагы» баракчасына этикага жатпаган сөздөрдү жазганы кызуу талкууга жараткан.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз өкүлү Нурлан Каназаров 11-мартта «Кырк чоро» кыймылынын лидери Замирбек Көчөрбаевдин үстүнөн арыз түшкөнүн «Азаттыкка» ырастап, учурда териштирүү жүрүп жатканын айтты.

Замирбек Көчөрбаев телеберүү учурунда активисттердин дарегин биле турганын айткан. Феминисттер анын үстүнөн арыз жазып, ал Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө барып, сурак бергенин төмөнкүчө айтып берди:

- 119-берене менен ("Майда ээнбаштык") иш козгоптур. Мен алардын даректерин чогултуп жүрөм. Дарегин сурасам эле коркутуп, үйүн өрттөйм дегенди билдирбейт да. Мен буларды сотко берип, акча өндүрүш үчүн даректери керек болуп жатат. Өткөндө сотко доо арыз менен кайрылсам, арызымды албай койду. Алар "почтадан маалымдама жөнөтүш үчүн дарегин билишибиз керек" деп коюшту. Ошол себептен мага даректери керек. Булар улуттук баалуулуктарга шек келтирди. Ошон үчүн 5 миллион сомдук доого жыгам.

Буга чейин аталган тилектештик жөө жүрүшүнө катышкан жарандык активист Рита Карасартова да аны кимдир бирөөлөр коркутуп жатышканын билдирген. Ушундай эле опузалоого Эдил Байсалов жана саясатчы Равшан Жээнбеков да кабылып жатканын айтышууда. Бирок алар коопсуздук кызматтарына арыз жазып кайрылбай турганын билдиришкен. Жээнбековдун айтымында, эркин оппозиция өкүлдөрүн жана жарандык активисттерди басмырлоо бийликтин өзүнө ыңгайлуу.

- Адатта бийликтеги адамдарга же алардын жакындарына ушундай сөздөр айтыла турган болсо, анда алар барат да, бардыгын баса калат. Ал эми бизге окшогон оппозициялык маанайдагы эркин саясатчыларга, жарандык коомдун өкүлдөрүнө 4-5 күндүн ичинде болуп көрбөгөндөй жек көрүү сөздөрү, үй-бүлөбүзгө карата айтылып жатат, бирок УКМК, бийлик, бирөө да реакция кылбайт. Себеби ыплас сөздөрдүн артында бийликтин, УКМКнын кызыкчылыгы жатат, - деди Равшан Жээнбеков.

Жазуучу Олжобай Шакир «Кырк чоро» кыймылынын иш-аракетин сынга алып, азыркы бийликке мындай аракеттер аброй алып келбей туранын эскертти.

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

- Кумурсканын дабышын тыңшаган атайын кызматтар бар. Расмий бийлик мындайга аябай кылдат карашы керек болчу. Булардын аракеттерин тизгиндеп коё албаган соң, бийликтин буга реакция кылбаганы бийликке аброй алып келбейт. Коомдун кайсы катмары алсыз болсо, булар ошолорго тап болуп атпайбы. Бул өлкөнүн ички да, тышкы да саясатына кедергисин тийгизет.

Саясатчы 8-марттагы маршка Рита Карасартова, Эдил Байсалов жана Өндүрүш Токтонасыров сыяктуу активисттер тек гана аялдардын укугун коргоого тилектештигин билдирип чыкканын айтып, уюштургандардын кемчилиги катары алардын арасында жыныстык азчылыктардын өкүлдөрү болгонун алдын-ала кабарлабай коюшканын айтты. Марштын уюштуруучулары жыныстык азчылыктар төрт жылдан бери эле жөө жүрүшкө чыгып жүргөнүн айтышты.

8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик билдирген жүрүшү өткөн. Акцияда кыз-келиндердин укуктары, феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон. Ушундан улам айрым уюмдар «жыныстык азчылыктарды жактаган жүрүш болду» деп шаардын бийлигин жана ага катышкан активисттерди сынга алышууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG