Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:32

Суталиновдун аялы президентке кайрылды


Мурат Суталинов буга чейинки соттук отурумдарда.
Мурат Суталинов буга чейинки соттук отурумдарда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси, абакта жаткан Мурат Суталиновдун аялы Гүлнара Суталинова президентке ачык кат жазды. Өз катында ал күйөөсүнө карата адилетсиз сот жүрүп жатканын, кыйноо колдонулганын билдирди.

«Мен күйөөмдү «өлүмгө жакындап баратат» деп жазгым келбейт, көпчүлүк эл билгендей анын кайышпас кайраты, кажыбас ички дүйнөсүнүн күчү бар. Ошондуктан мен ишенем, биз биригип бул каргашалуу ооруга туруштук беребиз. Бирок бул оору менен түрмөнүн шартында натыйжалуу күрөшүү мүмкүн эмес» , - деген ал.

Гүлнара Суталинова күйөөсү апрель окуясы боюнча соттолуп жатканы үчүн гана ага негизсиз айып тагылганын, буга «мурдагы Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн буйругу себеп болгонун» айтат.

«Урматтуу Сооронбай Шарипович! Албетте, сиз соттун чечимине таасир эте албайсыз. Бирок бүгүнкү күндө канчалык сот бийлигинин көз каранды эместигине ишенсек да, кээ бир судьялар чечимдерин чыгараарда "Ак үйдү" карап тураары көнүмүш болуп калган. Ошондуктан бул кат менен сизге кайрылдым. Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин кепили болгон президент катары, диний ишеними бар адам катары, биздин кайгылуу ишибизге өзүңүздүң мамилеңизди билдирип коюуңузду көптөн-көп суранам!?»,-дейт кайрылуусунда Суталинова.

2010-жылы атайын кызматты жетектеген Мурат Суталинов апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон. Анын адкокаттары Суталиновдун «өсмө (рак) оорусуна чалдыккан жана дарты өтүшүп кеткени» жөнүндө дарыгерлердин сөзүнө таянып, аны абактан чыгарууну соттон өтүнүшкөн. 15-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев Мурат Суталинов абакта калтырган. (ErN)

XS
SM
MD
LG