Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:10

Кара-Сууда 11-класстын окуучусу асынып алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өспүрүмдүн сарайда асылып турган сөөгүн 8-март күнү жакындары көрүп калышкан. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Азаттыкка» билдирди.

Окуучу үй-бүлөдө жалгыз бала болгону, ата-энеси Орусияда иштеп жүрүшкөнү, ал өзү чоң атасынын колунда жүргөнү аныкталды.

Маалыматка ылайык, бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Баланын жакындары андан баш тартышты. Учурда жаш уланды өз өмүрүн кыюуга эмне түрткөнү иликтенүүдө. Милиция текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.

Ички иштер министрлиги буга чейин маалымат таратып, Кыргызстанда 2018-жылы 522 киши өз жанын кыйганын кабарлаган. (MdN\ErN)

XS
SM
MD
LG