Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:35

Талгарбеков: Орусиянын генералдары менен байланышка эми деле чыгабыз


Абактан жаңы чыккан саясатчы Болотбек Талгарбеков
Абактан жаңы чыккан саясатчы Болотбек Талгарбеков

Абактан чыккан саясатчы Бекболот Талгарбеков "Би-Би-Сиге" маек берип жатып, Орусиядагы айрым отставкадагы генералдар менен эми деле кызматташуусун улантарын билдирди.

- Үч жарым жылдан бери мен жабык абакта олтурдум. Эми чыктык, эми байланышабыз. Алар моралдык колдоосун көрсөтүп турду. Алтургай Бактияр Алиев бизди колдоп маек да берди. Биздин иш-аракеттерибиздин баары мыйзамдуу болгонун айтты. Биз түзгөн комиссияга ал жашыруун эмес, расмий түрдө тең төрага болуп кирген. Бизде төңкөрүш жасоо аракети болгон эмес. Мен алар менен эми деле байланышка чыгып, кызматташууну уланта берем, - деди Бекболот Талгарбеков.

Талгарбеков Орусиядагы генералдар менен байланышы болгонун, бирок алар Атамбаев айткандай ФСБда иштеген адамдар эмес, жөн гана жердештер болгонун баса белгиледи. Алар кыргыз-орус бийлигиндеги коррупциялык мамилелерди ачык айтканга жардам берүүгө дилгер болгонун кошумчалаган саясатчы генералдардын жардамы менен бийликти басып алуу ниет болбогонун айтып ынандырды.

2017-жылдын 2-августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту ​"Элдик парламент" оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевди "Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу" беренесине ылайык 14 жылдан жаза мөөнөтүн берген.

Быйыл 8-февралда Жогорку сот Талгарбековдун жаза мөөнөтүн тогуз жылга кыскартып, беш жыл жазасын өтөөгө чечим чыгарган. (KR)

XS
SM
MD
LG