7-мартта Кабулда шииттердин лидери 1995-жылы “Талибандын” согушкерлеринин колунан өлгөн Абдул Али Мазарини эскерүү учурунда бир канча жардыруу болду. Маалыматка караганда миномёттон атылган снаряддар жарылып, ал райондогу үйлөргө да тийген.
Ал жерге жогорку кызмат адамдары жана президенттикке талапкерлер да чогулган. Алардын арасында өлкөнүн аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла, тышкы иштер министри Салахуддин Раббани, экс-президент Хамид Карзай, президенттикке талапкерлер Ханиф Атмар, Латиф Педрам жана Мухаммад Мохакик жана башка аткаминерлер болгон.
Түндүк-чыгыштагы Бадахшан провинциясында туулган, улуту тажик, "Ооганстандын улуттук конгресси" партиясынын лидери Латиф Педрам “Фейсбук” баракчасына жеңил жаракат алганын жазды.
Ал эми Атмардын өкүлү Кадыр Шах “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна президенттикке талапкердин сегиз жансакчысы жаракат алганын, ал эми Атмар өзү эч нерсе болбогонун билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Мухайбулла Заир алдын ала маалыматка караганда, үч адам өлүп, 32 киши жаракат алганын аныкталганын кабарлады. Кеминде үч бала жаракат алганы айтылды.
Азырынча жардырууну эч ким өз мойнуна ала элек.