Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

Бишкектеги имараттардын 97% майыптар үчүн ыңгайсыз


Активист, майыптардын укугун коргоочу Гүлзар Дүйшөнова.
Активист, майыптардын укугун коргоочу Гүлзар Дүйшөнова.

Активист, майыптардын укугун коргоочу Гүлзар Дүйшөнова Бишкектеги имараттардын 97% майыптарга ыңгайлашпаганын "Азаттыкка" билдирди.

Жаштарды өнүктүрүү институту "ПРОСВЕТ" долбоорунун алкагында Кызыл ай коому менен биргеликте "Жеткиликтүүлүк картасын" иштеп чыгууда. Бишкек шаарынын электрондук картасында кайсы имараттардын, мекемелердин, дүкөндөрдүн, соода борборлордун жана башка жайлардын инфраструктуралары майыптарга ыңгайлашканы тууралуу маалымат жайгаштырылат. Аны текшерүү максатында майып арабадагы алты кишиден турган демилгечи топ көчөгө чыгып, аталган жайларды текшерип чыккан.

- Биз алгач эле имараттардын пандустарын текшеребиз. Эгер имаратта пандус бар болсо, анда ичине кирип, дааратканаларды текшеребиз. Азыр шаардагы имараттардын дээрлик 97% майыптар үчүн ыңгайсыз. Жаңы курулуп жаткан имараттарда пандустар салынып жатат, бирок алар аябай тик, стандартка туура келбейт. Дааратканага барсаң кармагычтары жок, эшиктери тар, кире албайсың.

Активист коом майыптарга медициналык көз караш менен карап, аларды дарылаш керек жана кемсинтпеш керек деп эле түшүнөрүн айтат. Ошол эле учурда ал майыптар билим алууга, иштөөгө, көңүл ачууга укуктуу экенин билбей турганын айтып нааразы болду. (KR)

XS
SM
MD
LG