Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:30

"Инстаграмдын" жылдызы миллиардер болду


Кайли Женнер MTV телеканалынын сыйлыктарын тапшыруу аземинде, 20-август 2018-жыл.
Кайли Женнер MTV телеканалынын сыйлыктарын тапшыруу аземинде, 20-август 2018-жыл.

"Амазон" компаниясынын жетекчиси Жефф Безос кайрадан "дүйнөнүн эң бай адамы" деп аталды. "Форбстун" жаңы тизмесинде АКШ президенти Дональд Трамп 51 орунга алдыга жылса, 21 жаштагы америкалык модель, реалити-шоунун жылдызы Кайли Женнер Жер шарындагы эң жаш миллиардер болуп калды.

Америкалык "Форбс" (Forbes) журналы дүйнөдөгү чириген байлардын жаңы тизмесин 5-мартта жарыялады. Бул тизмеге жер жүзүндөгү 2153 миллиардер кирди.

Безос кайрадан биринчи

Алардын ичинен "Амазон" компаниясынын башчысы Жефф Безос "дүйнөнүн эң бай адамы" деп аталды. "Форбстун" эсебине ылайык, 55 жаштагы америкалык бизнесмендин бир жыл ичиндеги кирешеси 19 миллиард долларга көбөйүп, быйыл 131 миллиард долларга жетти.

Безостун негизги компаниясы – “Амазон” дүйнөдөгү эң ири Интернет дүкөндү иштетет. Мындан тышкары Безос “Blue Origin” аттуу дагы бир компаниясы аркылуу туристтерди космоско учуруп, байлыгын көбөйтүүнү көздөп келет.

Безос "Форбстун" тизмесинин башкы сабына биринчи жолу 2018-жылы чыккан. Аны улай “Блумбергдин миллиардерлер индекси" боюнча Безос адамзаттын соңку тарыхындагы эң бай адам деп аталган.

Жефф Безос жубайы МакКинзи Безос менен Оскар сыйлыгын тапшыруу жөрөлгөсү учурунда. 4-март, 2018-жыл.
Жефф Безос жубайы МакКинзи Безос менен Оскар сыйлыгын тапшыруу жөрөлгөсү учурунда. 4-март, 2018-жыл.

Бирок "Форбс" журналынын редакторлорунун бири Луиза Кролл үй-бүлөлүк маселелеринен улам Безос байлыгынын жарымынан ажырап калышы мүмкүндүгүн айтты:

- Соңку кездерде Жефф Безостун жеке жашоосу тууралуу көп сөз болуп жатат. Биз буга жеңил-желпи журнал болгонубуз үчүн көңүл буруп жаткан жерибиз жок. Чынында бул окуялардын ага таасири тийиши мүмкүн. Ал жубайы МакКинзи менен ажырашканы турат. МакКинзи "Амазон" компаниясынын түптөлүшүнө чоң салым кошкон. Ал башында компаниянын эсепчиси болчу. Андыктан Вашингтондун мыйзамдарына ылайык, ал "Амазондун" акцияларынын жарымына ээ болушу мүмкүн. Андай болсо, Безос биринчи орундан түшөт. Тескерисинче МакКинзи дүйнөдөгү эң бай аял болуп калат.

Цукерберг алдыңкы бештикке кирбей калды

Миллиардерлердин тизмесинде Безостон кийинки экинчи орунда "Майкрософт" компаниясынын негиздөөчүсү, 63 жаштагы Билл Гейтс турат. Анын байлыгы быйыл 96,5 миллиард долларды түздү.

Экинчи орунда дагы бир америкалык ишкер Уоррен Баффет келе жатат. "Форбс" журналынын эсебине ылайык, анын байлыгы 1,5 миллиардга азайып, быйыл 82,5 миллиард долларды түздү.

Былтыркыдай эле төртүнчү орунда люкс-товарлары менен таанымал франциялык LVMH (Лиу Вюиттон) компаниясынын башчысы Бернар Арно турат.

Соңку бир жылда Марк Цукерберг негиздеген "Фейсбуктун" дарегине колдонуучулардын купуялуулугу тууралуу бир топ сын айтылды.
Соңку бир жылда Марк Цукерберг негиздеген "Фейсбуктун" дарегине колдонуучулардын купуялуулугу тууралуу бир топ сын айтылды.

Былтыр чириген байлардын арасында бешинчи катарда турган "Фейсбук" компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг мексикалык олигарх Карлос Слимге орун бошотуп, быйыл 8-орунга түштү.

Эң жаш "селфинин миллиардери"

"Форбстун" быйылкы тизмесине 30 жашка чыкканга чейин миллиардер болгон сегиз киши кирди. Алардын эң жашы америкалык модель, реалити-шоунун жылдызы, "макиаждын магнаты" атка конгон Кайли Женнер биринчи жолу миллиардерлердин катарына кошулду.

21 жаштагы Женнер америкалык белгилүү фотомодель, актриса Ким Кардашяндын сиңдиси. Ал "Kylie Cosmetics" аттуу фирмасын 2016-жылы ачкан. Азыр бул компаниянын баасы 900 миллион долларга жетип, бардык кирешесин кошкондо Кайли Женнердин байлыгы 1 миллиард долларды чапчыды.

- Биз аны биринчи "селфинин миллиардери" деп атап жатабыз. Бул азыркы доордо адамдар кантип акча тапса болоорун анык көрсөтүп турат. Ал 250 миң доллар алып, аны ишине салган. Женнер акчасын өз күчү менен таптыбы деген талкуу жаралышы мүмкүн. Бирок ал үй-бүлөсүнүн жана өзүнүн атак-даңкын туура колдоно алганы бышык. Ал косметикаларды жасап, макияжга керектүү нерселерди "Инстаграм" аркылуу сата баштады. Анан соода тездик менен өсүп кетти, - деди "Форбс" журналынын редакторлорунун бири Луиза Кролл.

Кайли Женнер
Кайли Женнер

Быйыл президент Дональд Трамп миллиардерлердин тизмесинде 51 орунга алдыга жылып, былтыркы 766-катардан 715-орунга секирди.

Бирок буга Трамптын байлыгы көбөйгөнү эмес, былтыркы жылдан азайбай, бир деңгээлде турганы жардам берди. Себеби, дүйнөдөгү 997 миллиардердин кирешеси бир жыл ичинде азайып кеткен. "Форбс" Америка президентинин байлыгын 3,1 миллиард доллар деп эсептеди.

Эки миңден ашык миллиардерлердин 607си АКШга, 324тү Кытайга, 114чү Германияга туура келет. "Форбстун" 33-жолу жарыяланып жаткан тизмесиндеги миллиардерлердин саны быйыл 55 адамга азайды. Дүйнөлүк рыноктогу кырдаалга жараша тизмеге кирген чириген байлардын жалпы байлыгы былтыр 9,1 триллион болсо, быйыл 8,7 триллион долларга түштү.

Кыргызстандан бул тизмеге эч ким кире элек. Коңшу Казакстандан тизмеге былтыркыдай эле беш миллиардер кирген. Алардын эң байы - президент Нурсултан Назарбаевдин кыз-күйөөсү - Тимур Кулибаев менен Динара Кулибаева. Жубайлардын ар биринин 3,1 миллиард доллары бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG