Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Чеченстанда укук коргоочу Оюб Титиевдин ишин тергөө аяктады


Укук коргоочу Оюб Титиев Грозныйдагы сотто. 6-март, 2018-жыл.
Укук коргоочу Оюб Титиев Грозныйдагы сотто. 6-март, 2018-жыл.

Чеченстанда «Мемориал» укук коргоо уюмунун Грозныйдагы бөлүмүнүн башчысы, баңги заттарын сактоого айыпталган Оюб Титиевдин ишин иликтөө аяктады. Укук коргоочу 10 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Сотто тараптардын жарыш сөзү 11-мартка белгиленди. Алдын ала маалыматка караганда, марттын аягында Титиевге өкүм угузулушу мүмкүн.

Титиев өзүнө тагылган айыпты анын чечен согушунда дайынсыз болгондорду издөө жана кылмышка күнөөлүүлөрдү табуу аракети менен байланыштырат.

“Мемориал" уюмунун Грозныйдагы кеңсесинин башчысы Титиев “баңгизат ташыган” деген кине менен былтыр 9-январда Чеченстанда кармалган. Анын тарапкерлери ишти "уюштурулган" деп эсептешет. Укук коргоочу өзү анын автоунаасына атайылап баңгизат салынганын айтып, тагылган айыптарды четке каккан.

Титиевдин камалышына ондон ашуун эл аралык уюмдар, Батыш мамлекеттеринин жетекчилери тынчсыздануусун билдирип, Кремлди аны бошотууга үндөшкөн.

XS
SM
MD
LG