Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

Петрушевский Балдарды реабилитациялоо борборунун жетекчилигинен бошотулду


Алексей Петрушевский.
Алексей Петрушевский.

Алексей Петрушевский Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун жетекчилигинен бошотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Петрушевский Эмгек кодексинин 326-беренесинин 2-пунктуна, 82-берененин 12-пунктуна ылайык Социалдык өнүгүү башкармалыгынын чечими менен кызматтан алынды. (83-берене. «Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу», 326-берене. «Уюмдун жетекчиси менен эмгек келишимин бузуу үчүн кошумча негиздер» – 1-пункту банкроттук («Кудуретсиздик») жөнүндө мыйзамга ылайык уюм жетекчисин - карызкорду кызматынан четтетүүгө байланыштуу).

Мунун негизинде эмгек келишими мөөнөтүнө карабай токтотулушу мүмкүн. Ал эми мурдагы директорго мыйзамдын негизинде кенемте төлөнүп берилет.

Эки ай мурун мэрияда атайын түзүлгөн комиссия борбордо тарбиялангандардын саны аз экенин белгилеп, аларга бюджеттен бөлүнгөн акча бекер эле коромжу болуп жатканын негиз тутуп бул имаратты бала бакчага айлантуу боюнча демилге көтөргөн. Бирок мекеменин директору Алексей Петрушевский бул жерде жеке кызыкчылыктар бар деген божомолун билдирүүдө.

Кароосуз калган балдар тарбияланган борбордо азыр 21 бала жашап жатат. Кыйынчылыкка кабылгандар Кыргызстандын ар кайсы бурчунан келип баш калкалайт. Эгер борбор бала бакчага айланса, бул жердин тарбиялануучулары башка балдар үйүнө которулушу керек.

Мекемеге мэриянын бюджетинен жыл сайын 13 миллион сом бөлүнөт. Борбордун директору билдиргендей, имараттын кем-карчынын 70 пайызы демөөрчүлөрдүн колдоосу менен толукталат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG