АКШнын президенти Дональд Трамп "соода согушунда жаңы фронт ачып жатканын" "Reuters" агенттиги жазып чыкты. Маалыматка караганда, Трамп Индияга берилген соода жеңилдиктерин жокко чыгарууну максат кылууда.
Индия азыр 5 миллиард 600 миллион долларлык товарды АКШга пошлинасыз экспорттоп турат.
Индия тарап Трамптын аракетине жооп бербей турганын билдирди. Бирок өлкөдө оппозиция бул чечимди быйылкыга белгиленген жалпы элдик шайлоодо премьер-министр Нарендра Модиге каршы сын катары колдонушу ыктымал.
Трамп АКШнын чет элдик өнөктөштөрү менен мамиледе соода дефицитти азайтууну убада кылып, тарифтери кымбат деп Индияны бир нече ирет сынга алган.
Индия менен соодада жаңы эрежелер тиешелүү чечим Конгресс менен Индиянын өкмөтүнө расмий жиберилген күндөн эки жума өткөндөн кийин күчүнө кире турганы айтылууда.