5-мартка карата 138 миң 246 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.
1-апрелге чейин жеке жактар былтыр алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиги тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет бериши керек.
Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү. (КЕ)