Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:07

Өкмөт башчы ишкерлерди ийгиликке үндөдү (видео)


Заманбап наабайкана. Кыргызстан.
Заманбап наабайкана. Кыргызстан.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 4-мартта ЖИА бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуп, ишкер чөйрөдөгү маанилүү маселелерди талкуулады.

Өкмөт башчы өткөн жылдан тартып ишкерлерди бизнеске ыңгайлуу шарттар менен камсыз кылуу жаатындагы бийликтин аракеттерин белгилеп, мамлекет ишкерлерден да натыйжа күтөрүн билдирди.

«Мамлекет ишкерликтен көз каранды экенин моюнга алыш керек, себеби анын натыйжалуу ишинен көптөгөн социалдык маселелердин чечилиши көз каранды болуп саналат. Алсак, ишкерлик чөйрө өнүксө, мамлекет өнүгөт» деген өкмөт башчы мамлекеттик сатып алууда атамекендик өнүмдөр менен кызмат көрсөтүүнүн үлүшүн көбөйтүү аракеттери жүрүп жатканын айтты:

- Бүгүнкү күнү мамлекеттик сатып алуунун басымдуу бөлүгү – бул биздин өлкөгө импорттолгон товарлар. Миллиарддаган акчага өзүбүздө чыгарылган өнүмдөрдү алып, өзүбүздүн кызматтан пайдаланышыбыз керек. Биз силерден салыкты жыйып алып, аны кайра импорттук товар үчүн төлөп койгонубуз өзү туура эмес.

Суроо-жооп форматында өткөн жолугушууда ишкерлер ишкерлик жаатындагы маселелерди көтөрүп, чечүү боюнча сунуштарды талкуулашты. Ишкерлердин суроолору жалпысынан курулуш нормалары, салык төлөмдөрү, кен иштетүү, мамлекеттик - жеке менчик өнөктөштүктүн алкагындагы долбоорлор жана айыл чарба маселелери тууралуу болду.

Расмий маалыматтар боюнча бүгүнкү күнгө карата ишкерликтин болжол менен 24% бөлүгү көмүскөдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG