Астанада Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу 28-февралда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди.
Темирбаевдин айтымында, бул проблеманы 23-февралда кыргыз өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын жаңы дайындалган премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу талкуулап, сүйлөшүү өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Астанадагы жолугушууларга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеген делегация катышууда.
Казакстан 19-февралда Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салган.
Фитосанитардык чектөө картөшкөдөн сырткары алмага, курмага жана Өзбекстандын анарына коюлду. Казак тарап мындай чечимди эки өлкөдөн келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар (Комсток - Pseudococcus comstocki (Kuwana), Globodera rostochiensis нематодалары (Wollenweber) чыгып жатканы менен негиздеген.
Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги бул маселе саясатташып кеткенин, Казакстандын тиешелүү мекемесине жана Евразия экономикалык комиссиясына кат даярдап жатканын билдирген. Дыйкандар 200 миң тоннай картөшкө сатылбай турганын билдирип чыгышты. (RK)