Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:09

Жаңы-Өзөндө нааразылык акциясына чыккан 16 киши кармалды


Жаңы-Өзөндөгү акциянын катышуучулары. 24- февраль, 2019-жыл.
Жаңы-Өзөндөгү акциянын катышуучулары. 24- февраль, 2019-жыл.

Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында 23-25-февралга чейин 16 адам кармалып, беш күндөн жети күнгө чейин камакка алынды. Бул тууралуу Маңгыс-Тоо облустук прокуратурасы билдирди. Маалыматка караганда, алар «коомдук жайды булгаган, адепсиз сөздөрдү сүйлөгөн» деген негизде кармалган.

Мындан тышкары Жаңы-Өзөндүн бир тургунуна «социалдык, расалык, улут аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, бул берене менен айыпталгандар эки жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылат.

Буга чейин облустук полиция департаменти жумушка орноштурууну талап кылып, акцияга чыккан Жаңы-Өзөндүн бир катар жашоочулары жоопко тартылганын четке каккан.

Өткөн аптада шаарда айлык акыны жогорулатууну талап кылган акция өткөн. Нааразы тарап менен Маңгыс-Тоо облусунунун прокурорунун орун басары Ержан Турмагамбетов жолугушкан.

27-февралда Жаңы-Өзөндө полиция «Азаттыктын» журналисттери Сания Тойкен менен Санат Нурбековду кармап, бир нече сааттан кийин кое берди.

Дүйшөмбүдө Астанада президент Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда «Нур Отан» партиясынын курултайы өтүп жаткан кезде бир канча шаарда жашоо-шартты жакшыртуу талабы менен чогулган ондогон адамдарды да полиция кармап кетти.

Алматыда жарандык активисттер Дилнар Инсенова менен Сахиб Жанабаевага «күч органдарына баш ийбеди» деген негизде 12 625 теңге айыппул салынды.

XS
SM
MD
LG