Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

Ак калпактын макамы боюнча долбоор депутаттарда кайчы пикир жаратты (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште бүгүн «Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун макамын берүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланды. Айрым депутаттар бул мыйзам долбоорунун зарылчылыгын көрбөй турганын айтып чыгышты. Алар элди калпакты мажбурлап кийгизүүгө мүмкүн эмес экенин айтып жатышты. Депутат Элвира Сурабалдиева өкмөт экономиканы өнүктүргүсү келсе, калпактан башка да аткара турган иштери көп экенин белгиледи:

- Эми өкмөт ак калпакты жасап, сатууну көзөмөлдөгөнү жатабы? Кыргызстанда мындан башка маселе жокпу? Маселе көп, көйгөйлөр толтура. Экономиканы кантип өнүктүрөбүз, ошондой мыйзамдарды алып келбейсиңерби?

«Ак калпакка маданий символдун макамын берүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун авторлору - «Республика - Ата Журт» фракциясынан Экмат Байбакпаев жана «Бир Болдон» Бакирдин Субанбеков.

Буга чейин кыргыздын улуттук баш кийими калпакты мазактагандарды жазалоо тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлган. Эгер сунуш колдоо тапса, жеке адамдар үчүн 10, ал эми юридикалык жактар үчүн 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айыппул салынары айтылган.

Кыргызстанда Ак калпак күнүн өткөрүү боюнча 2011-жылы демилге көтөрүлүп, 2017-жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG