Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Парламентте калпакка өзгөчө макам ыйгаруу боюнча демилге каралат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште «Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун макамын берүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору биринчи окууда талкууланат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Бул сунуш буга чейин тармактык комитетте каралган.

Долбоордун авторлору - «Республика - Ата Журт» фракциясынан Экмат Байбакпаев жана «Бир Болдон» Бакирдин Субанбеков.

Буга чейин кыргыздын улуттук баш кийими - калпакты мазактагандарды жазалоо тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлган. Эгер сунуш колдоо тапса, жеке адамдар үчүн 10, ал эми юридикалык жактар үчүн 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айыппул салынары айтылган.

Кыргызстанда Ак калпак күнүн өткөрүү боюнча 2011-жылы демилге көтөрүлүп, 2017-жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG