Австралия соту Ватикандын казына башчысы, кардинал Жорж Пеллди өспүрүмдөргө жыныстык ыдык көрсөтүү боюнча күнөөлүү деп тапты. Ал Мелбурнда архиепископ кызматында жүргөндө, 22 жыл мурда 5 кылмыш кылган деп айыпталган. Пелл айыптарды моюнга алган жок.
Өткөн жылдын декабрында чыгарылган чечим эми белгилүү болду. Анын бөгөт чарасы боюнча өкүм жакынкы күндөрү чыгары күтүлүүдө. 77 жаштагы кардинал жыныстык жосунсуз жорук үчүн айыпталган католик дин кызматкерлеринин эң даражалуусу деп эсептелүүдө.
Жекшембиде Ватиканда ушул маселеге байланыштуу жыйын өтүп, ага чиркөө кызматкерлеринен ыдык көргөндөр түзгөн уюмдун өкүлдөрү да катышкан. Анда католиктердин лидери чиркөө өспүрүмдөр үчүн эң коопсуз жай болоруна, ал жерде педофилияга каршы конкреттүү чаралар көрүлөрүнө убада берген.