Жогорку Кеңештин тармактык комитети «Кыргызалтын» ишканасынын 2018-жылдагы ишинин жыйынтыгын жана келечектеги пландарын талкуулайт.
Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Анда «Кыргызалтындын» башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков баяндама жасайт.
30-январдагы тоо-кен өнөр жайына, андагы абалга арналган Коопсуздук кеңешинин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызалтындын» негизинде мамлекеттик тоо-кен компаниясын түзүү зарыл экенин айткан. Ал азыркы ишкана илең-салаң иштеген мамлекеттик компанияга айланганын белгилеген. (КЕ)