Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Ошто кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Басмырлоону токтотуунун эл аралык күнүн (#ZeroDiscriminationDay) утурлай 26-февралда Ош шаарында кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлөт.

Анда көрүүчүлөргө эки тасма тартууланат. Биринчиси - ВИЧ илдети жуккан кыздын жашоосун баяндаган «Баары татаал» тасмасы. Бул сүйүү жана коркуу сезимдери тууралуу баян. Тасманын каарманы ар кимдин түрткүсүндө калуудан коркуп жашайт.

Экинчиси - ата-энеси баңгизат колдонгон үй-бүлөнүн тагдырын баяндаган «Америкадагы Кудайдын пенделери» аттуу тасма. Ата-эне баңгизат колдонот жана алар ВИЧти ийне аркылуу жугузуп алышкан. Бирок алар оорусун кызы Бланкадан жашырышат. Бланка да ВИЧ менен жашайт. Бирок канчалык жашырууга аракет кылбасын, кыздын классташтары бул тууралуу билип калып, Бланканы кемсинте башташат.

1-мартты Басмырлоону токтотуунун эл аралык күнү катары белгилөөнү БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бириктирилген программасы (ЮНЭЙДС) 2014-жылы сунуш кылган.

2018-жылдын соңуна карата Кыргызстанда ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8600 кишиден ашты, көбү эркектер. Анын ичинде 8137 киши кыргыз жараны, арасында 645 бала бар. Анын теңинен көбү 2007-2008-жылдары ооруканада илдет жуктуруп алган. Дарыгерлердин шалаакылыгы менен дартка чалдыккан балдардын алды 18ге чыгып калды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG