Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:13

Ошто коомдук транспортто электрондук билеттер иштей баштады


Электрондук билет карталары. Ош шаары. 25-февраль, 2019-жыл.
Электрондук билет карталары. Ош шаары. 25-февраль, 2019-жыл.

25-февралда Ош шаарындагы коомдук транспортто электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган системалар ишке кирди. Ага ылайык, шаарда №1 каттамдагы троллейбустар жол акысын электрондук билет менен кабыл ала баштады. Апта аягына чейин №2 каттамдагы троллейбус, ал эми март айында муниципалдык автобустарда жол акы электрондук билет аркылуу төлөнө баштайт. Шаар мэриясынын маалыматы боюнча, электрондук билеттердин иши автоматташтырылган система аркылуу көзөмөлдөнүп турат.

Электрондук билеттер Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинде сатылат. Электрондук билет картасы жарандарга паспорт жана ардагерлердин күбөлүгү менен гана берилет. Ардагерлер бекер жүрсө, окуучулар 1 сомдон, чоңдор троллейбуска 6 сом, автобуска 8 сомдон төлөшөт. Жүргүнчүлөр электрондук билет картасынын балансын толуктап турушу керек.

Учурда электрондук билет картасынын балансын толукташ үчүн терминалдар Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинде, жогорку окуу жайларында орнотулду. Жакында ЭЛСОМ электрондук капчыгы аркылуу балансты толуктоо мүмкүн болот. (MdN)

XS
SM
MD
LG