Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:16

Ким Чен Ын Трамп менен жолугушууга чопкутталган поездде жөнөп кетти


Ким Чен Ын.
Ким Чен Ын.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн чопкутталган поезди менен Пхеньяндан Ханойго бүгүн, 23-февралда жөнөп кетти.

Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги дипломатиялык булактарга таянып жазды. Маалыматка караганда, Ким Чен Ын Вьетнамга Кытай аркылуу барат. Пхеньян менен Вьетнамдын борбору Ханойдун аралыгы 4,5 миң чакырымды түзөт. Түндүк Кореянын лидери эки күн жолдо болот.

Ушул күнү Ханойдо АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин экинчи саммитине карата медиа борбордун ачылышы болду. Анын аянты 30 миң чарчы метрди түзөт. Анда үч миң журналист иштеши күтүлүүдө.

Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусу 27-28-февралда өтөт. Алгачкы саммит былтыр 12-июнда Сингапурда өткөн. Анда эки тарап “Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууну” үстүртөн макулдашкан.

XS
SM
MD
LG