Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

"Газпромдун" башкы директору Орусиянын футбол союзуна жетекчи болду


Александр Дюков.
Александр Дюков.

Орусиянын "Газпром нефть" компаниясынын жана "Зенит" футбол клубунун директорлор кеңешинин төрагасы Александр Дюков Орусиянын футбол союзунун президенти болуп дайындалды.

Тиешелүү чечим Орусия футбол союзунун жыйынында кабыл алынганын уюмдун расмий сайты кабарлады.

Дюков жалгыз талапкер болгондуктан, аны бардыгы бир добуштан колдоп беришкен.

Александр Дюков бул кызматка орус спортундагы кызытма чыры жана Орусиянын Футбол боюнча дүйнө чемпиондугун өткөрүүгө камылгасына байланыштуу сындар айтылып, былтыр декабрда вице-премьер Виталий Мутко Футбол союзунун жетекчилигинен кеткенден кийин шайланды.

"Новая газета" басылмасы Дюковдун добушу 2014-жылы Орусия аннексиялап алган Крым менен Севастополду орус футболуна кошуу маселеси талкууланган жыйында жазылып алынган аудиодо бар экенин билдирген. Анда Дюков Орусиянын футбол чемпиондугун Крымда өткөрүүгө каршы чыккан. Ал Орусияда футбол боюнча дүйнө чемпиондугун өткөрүүгө тыюу салынышы жана санкция киргизилиши мүмкүн деп кооптонгон.

XS
SM
MD
LG