Москвадагы АКШнын элчилиги каржылык кылмышка шектүү катары тергөө абагында отурган америкалык ишкер Майкл Калвиге дипломаттарды токтоосуз кезиктирүүнү орус бийлигинен талап кылды.
Калвинин адвокаты Дмитрий Клеточкин америкалык жаранга расмий айып коюлганын бүгүн билдирди.
«Ал суроолорго азырынча жооп бербейт. Ага коюлган айып бүдөмүк жана чаржайыт. Андыктан ал адвокаттары менен кеңешкенден кийин гана суракка макул болот», - деди адвокат.
Ал Калви өзүнө коюлган айыпты толугу менен четке кагып жатканын да кошумчалады.
21-февралда Москадагы АКШнын элчилиги тараткан билдирүүдө Калви кармалгандан жети күндөн бери “аны менен кезигүүгө орус бийлиги уруксат бербей жатканы” айтылат.
«Эки тараптуу Консулдук кызматташтык жөнүндө конвенцияга ылайык, алар төрт күндүн ичинде кармалган кишиге жолугуштурушу керек», - деп белгиленген ал билдирүүдө. «Биз бир нече жолу кайрылганыбызга карабай, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жараныбызга консулдук кызмат көрсөтүүгө жол берген жок. Биз дипломатиялык каналдар аркылуу камтамачылыгыбызды билдирдик».
51 жаштагы Майкл Калви 1994-жылы Орусияда «Baring Vostok» инвестициялык фондун негиздеген. Андан бери ал Орусияга ири өлчөмдө инвестиция салган.
15-февралда Москвада "Baring Vostok" инвестициялык фондунун негиздөөчүсү Майкл Калви, фонддун үч кызматкери: Ваган Абгарян, Филипп Делпаль жана Иван Зюзин кармалды. Ошондой эле “Восточный” банкынын мурдагы жетекчиси Алексей Кордичев жана “Биринчи коллектордук бюро” ишканасынын башкы директору Максим Владимиров да камалды. Алар “Восточный” банкынан 2,5 млрд. рубль уурдап чыгып кетүү боюнча шек саналууда.
16-февралда Москванын соту америкалык жаранды 13-апрелге чейин камакта калтырды.