Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:12

2018-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз 4 млрд. 464 млн. долларды түздү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын жалпы көлөмү 4 млрд. 464,35 млн. долларды (311 млрд. 834,67 млн. сомду) түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Анын ичинде тышкы карыз – 3 млрд. 825,75 млн. доллар (267 млрд. 228,64 млн. сом), ички карыз – 638,60 млн. доллар (44 млрд. 606,03 млн.сом) деп эсептелди.

Финансы министрлиги буга чейин кабарлагандай, былтыр мамлекеттик карызды тейлөөгө 23 млрд. 741,3 млн. сом жумшалды. Бул сумманын ичинен 7 млрд. 76,4 млн. сом пайыздарды, 16 млрд. 664,9 млн. сом негизги карызды төлөөгө сарпталды. (ErN)

XS
SM
MD
LG