Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

Аскерде бир көзүнөн айрылган жоокердин иши сотко өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облусундагы аскер бөлүгүндө ур-токмоктун айынан сол көзүнөн ажыраган жоокер Кубан Молдалиевдин иши сотко жиберилди. Бул тууралуу жоокерге укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, иш Талас облустук сотунда же Бишкек шаардык сотунда каралат. Аскердик прокуратуранын кабарынан кийин гана так белгилүү болот.

2018-жылы жазында армияга чакырылган Кубан Молдалиев Мамлекеттик чек ара кызматынын №2029 аскердик бөлүгүндө кызмат кылып жүрүп ушул эле жылдын 11-июнунда таяк жеген. Ал өзү “Азаттыкка” Иманбеков аттуу сержант автоматтын кундагы менен, темир кур менен сабаганын айткан. Жабыр тарткандан бир айдан кийин госпиталга жеткирилген учурда жоокер Молдалиевдин сол көзү соолуп калганы аныкталган.

Быйыл 9-февралда “Кылым шамы” уюму жоокердин ата-энеси менен чогуу басма сөз жыйынын өткөрүп, Молдалиевдин иши иликтенбей жатканын айтышкан. Алар президентке да кайрылуу жазышкан. Ошол эле күнү Аскердик прокуратура жоокерди сабаган деп шек саналган Иманбеков кармалганын, соттун чечими менен камакка алынганын кабарлаган. Адвокаттар болсо дарыгерди жана аскер бөлүктүн командирин да жоопко тартууну талап кылышкан.

Кубан Молдалиев - Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну, бир үйдүн жалгыз уулу. (ErN)

XS
SM
MD
LG