Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Түркияда кыргызстандык келин киши өлтүрүү боюнча соттолуп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияда кыргызстандык келин киши өлтүрүү боюнча соттолуп жатат. Түркиянын Манавгат шаардык сотунда 39 жаштагы кыргызстандык келин жана 74 жаштагы түрк жараны 64 жаштагы дагы бир түрк жаранын атайылап бычактап өлтүрдү деп айыпталып, 18-февралда сотту өттү.

Анда кыргызстандык шектүү күнөөсүн мойнуна алган эмес. Ал өз сөзүндө окуя болгон күнү экинчи айыпталуучу үйдө маркумду бычак менен өлтүрүп, аны да коркутуп үйдөн качып кеткенин айткан. Кыргызстандык келин оор жарадар болгон маркумга "Тез жардам" чакырган, бирок ал ооруканада каза тапкан.

Окуя 2018-жылдын 4-июнунда Түркиянын Манавгат районуна караштуу Серик аймагында болгон. Манавгат мамлекеттик прокуратурасы тергөө жүргүзүп, шектүү кыргызстандык келинге "Кыянаттык менен киши өлтүрүү" беренеси менен өмүр бою эркинен ажыратууну сураган. Соттук жараян жүйөлөрдүн жетишсиздигинен башка күнгө жылдырылды.

Кыргызстандын Анкарадагы элчилигинин расмий маалыматы боюнча ушу тапта Түркиянын абактарында 12 кыргызстандык отурат. Алардын дээрлик көпчүлүгү кыз-келиндер. Кыргызстандыктар "Киши өлтүрүү", "Баңгизат сатуу" жана "Алдамчылык" беренелери менен соттолгон. (ElB)

XS
SM
MD
LG