Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Венесуэла европалык депутаттарды киргизген жок


Венесуэланын оппозициялык лидери Хуан Гуайдо тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатат. 12-февраль, 2019-жыл.
Венесуэланын оппозициялык лидери Хуан Гуайдо тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатат. 12-февраль, 2019-жыл.

Венесуэланын Чек ара кызматы Европарламенттин беш депутатынан турган делегацияны өлкөгө киргизбей койду. Мыйзам чыгаруучу Эстебан Гонсалес Понс аларга мунун себебин түшүндүрүшпөгөнүн 17-февралда айтты.

Депутаттар Венесуэлага оппозиция лидери Хуан Гуайдонун чакыруусу менен барышкан. Гуайдо “Твиттердеги” баракчасына европалык депутаттарды “азыркы араң турган режим” киргизбей койгонун жазды.

Венесуэлада дагы эле кош бийлик өкүм сүрүп жатат. Парламенттин төрагасы Гуайдо 23-январда өзүн "утурумдук президент" деп жарыялаган. Андан бери анан бийлигин АКШ жана Евробиримдик баш болгон 40тан ашуун мамлекет тааныган. Орусия, Кытай жана башка мамлекеттер Венесуэланын социалист президенти Николас Мадурону колдошот. Армия менен күч түзүмдөрү Мадуро тарапта турушат.

XS
SM
MD
LG