Ирандын парламент спикери Ислам Революциясынын сакчыларынын тандалган аскер бөлүгүнүн 27 өкүлүнүн өмүрүн алган чабуул Пакистанда пландалганын айтты.
Мамлекеттик ИРНА агенттигине 17-февралда берген комментарийинде Али Ларижани Пакистан кол салууга катышканы үчүн жооп бериши керектигин кошумчалады. Анын мындай билдирүүсүн утурлай Ирандын Тышкы иштер министрлиги Пакистандын элчисин чакыртканы белгилүү болду. Исламабад чабуулду айыптаганы менен Тегерандын дооматтарына эч кандай жооп кайтарган жок.
Теракт Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан-Белужистан провинциясынын Чахабар шаарындагы аскердик базада болгон. Бийликтин маалыматында Ислам Революциясынын сакчылары, - “Ал-Кудс” атайын бөлүгүнүн жоокерлери бараткан автобуска жанкечти кол салган. Андан жыйырмадан ашык аскер өлгөн, жай тургундар да каза тапкан, дагы 20 адам жараат алган. Чабуул үчүн жоопкерчиликти «Жаиш аль-Адл» радикалдык тобу алды.
Систан-Белужистан Ирандын Ооганстан жана Пакистан менен чектешкен аймагында жайгашкан туруктуу эмес провинция болуп эсептелинет. Тегеран буга чейин бир нече ирет Кошмо Штаттарды, Израил жана АКШнын союздашы Сауд Арабияны сунни радикал топторун колдогону үчүн айыптаган. Ал эми аталган мамлекеттер мындай дооматтарды четке кагып келишет.