Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Диний агымдар: коопсуздукка коркунуч жокпу?


Диний агымдар: коопсуздукка коркунуч жокпу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:42:20 0:00

Парламентте депутат Ирина Карамушкина “Таблиги жамаат” маселесин көтөрүп чыгып, "Ислам изилдөө институтун "Таблиги жамаат" диний агымын жайылтууга салым кошуп жатат" деп айтып чыкты. Ал эми институт исламдагы агымдар, кыймылдар жана уюмдар жөнүндө маалыматтарды элге туура жеткирүү менен диний радикализмдин алдын алуу гана максатын көздөй турганын билдирүүдө. Кыргызстанда дааватчылар деген ат менен белгилүү "Таблиги жамаат" агамынын ишмердиги буга чейин да бир канча жолу көтөрүлгөн. Казакстанда, Орусияда, Өзбекстанда, Кытайда жана Тажикстанда тыюу салынган бул уюмдун ишмердиги кыргыз коому үчүн канчалык кооптуу же анын кандай оң жактары бар? Деги эле азыр жаштарды радикалдашууга түрткөн диний агымдар, жагдайлар, кайсылар? Студиянын коноктору – Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, Кыргызстан муфтийинин орун басары Жоробай Шергазиев жана диний эксперт Канат Мурзахалилов болду.

XS
SM
MD
LG