Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

УКМК: үй-бүлөсү менен Сирияга кеткен жаран кармалды


9-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) чогуу жүргүзгөн контртеррористтик иш-чараларынын алкагында эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү деп шек саналган 28 жаштагы жаран кармалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы Р.У. аттуу жаран чет өлкөдө диний билим алып жатып эл аралык террористтик топтун азгырыгына илинип, үй-бүлөсү менен Сирияга кетип калган. УКМКнын маалыматына караганда, кармалган шектүү террористтик топтордун лагеринде аскердик машыгуудан өтүп, согуш болуп жаткан аймактарда Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы чыр-чатактарга катышкан.

Бул факт боюнча Кыргызстандын тергөө органдары тарабынан Жазык кодексинин (Кылмыш-жаза кодекси) 243-беренеси ("Кыргызстандын жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүшү") боюнча кылмыш иши ачылды. Тергөө амалдары жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG