Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:22

АКШ Сириядан аскерлерин чыгара баштайт


АКШ күчтөрүнүн техникасы Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясында. 31-январь, 2019-жыл.
АКШ күчтөрүнүн техникасы Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясында. 31-январь, 2019-жыл.

АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Жозеф Вотел америкалык аскерлерди Сириядан чыгарып кетүү жараяны жакынкы апталарда башталарын билдирди. Ал бул процесстин так мөөнөтү өлкөдөгү кырдаалга жараша болорун жекшембидеги комментарийинде белгиледи.

Сирияда эки миңге чукул америкалык жоокерлер "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштө Сириядагы араб жана күрт кошуундарына көмөк көрсөтүп келет.

Ишемби күнү Кошмо Штаттар колдогон "Сириянын демократиялык күчтөрү" бул террордук топтун Сириядагы акыркы көзөмөлдөп жаткан аймагына чабуул кое баштады. "ИМ" тобу учурда Сириянын Евфрат дарыясынын боюндагы беш чарчы чакырым жердеги бир канча айыл-кыштакты ээлеп турат.

Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп жакын арада Сириядагы экстремисттик топ көзөмөлдөп келген аймактар 100% бошотулганы расмий жарыяланарын билдирген.

XS
SM
MD
LG