Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Суусамыр: Алтыгананын айласы табылабы?


Суусамыр: Алтыгананын айласы табылабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:04 0:00

Суусамыр жайлоосуна Чүй менен Талас облустарынан онго чукул райондун малчылары чыгат. Сонку кездери жайытты каптаган алтыгана маселеси тынбай көтөрүлүп келет. Буга чейин бул тикенектүү бадалды химиялык жана механикалык жол менен жок кылууга аракет жасалганы менен майнап чыккан эмес.

Тескерисинче анын ордуна коко тикен өңдүү отоо, зыяндуу чөптөр чыккан. Экологдор, адистер алтыгананын тамырын күйгүзүп азайтууга караманча каршы болуп келет. Быйыл Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары Суусамырга бир канча жолу экспедиция уюштуруп, алтыгана маселесин чечүү жолдорун издеп жатат. Алардын арасында бадалды тамыры менен казып барып Кумтөргө кен казылган жерлерге, сел жүрүү коркунучу бар аймактарга отургузуу, курулушка пайдалануу, дары-дармек өндүрүү жана шыпыргы жасоо деген сунуштар бар.

XS
SM
MD
LG