Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Бишкекте «Той үчүн насыя алба!» деген акция өттү


Иш-чаранын жазуусу.
Иш-чаранын жазуусу.

Бишкек шаарында 11-февралга караган түнү активисттер насыя алып той өткөрүүгө каршы акция өткөрүштү. Анда шаардын ар кайсы жерине, өзгөчө банктардын кире беришине «Тойго насыя алба!» деп жазып кетишти.

- Биз банктардын ишмердүүлүгүнө каршы эмеспиз. Банкка келгендер биздин билдирүүнү көрсүн деген максатта жасадык. Азыр адамдар ишкерлик үчүн эмес, ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө насыя алып жатканы бизди тынчсыздандырат. Анан карызга батып, насыяны төлөш үчүн чет өлкөдө иштеп жүрүшөт, - деп жазышты уюштуруучулар.

Активисттер алардын үлпөт тойго, өлүм-житимге насыя алган ага-эжелери беш жылдан ашуун убактан бери карызын төлөй албай жатканын билдиришкен.

Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны бир жылда жүз миңге көбөйгөн. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2017-жылдын январь-июнь айларында 133 874 адам насыя алса, 2018-жылдын жарымында алардын саны 220 481 адамга жеткен.

Буга чейин Улуттук статистика комитети кыргызстандыктар той-аш өткөрүш үчүн жыл сайын 2 млрд. доллардан ашык акча жумшай турганын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG