Парижде ишемби күнү, 9-февралда "сары кемселчендер" менен полиция кагылышты. Нааразылыкка чыккандардын ичинен бирөө ооруканага жеткирилди. Ал полициянын кулак тундуруучу гранатасынан катуу жабыркаган. Окуя демонстранттар парламенттин аймагына кирүүгө аракеттенип, тосмону ашып түшүп жатканда болгон. Бул тууралуу "Associated Press" кабарлады.
Ишембиде Франциянын ар кайсы шаарларынын көчөлөрүнө 12 миңдей "сары кемселчендер" чыккан.
"Сары кемселчендер" кыймылы нааразылык акцияларын адатка айлангандай жуманын аягында ушуну менен 13-жолу өткөрүүдө. Эки жарым айдын ичинде жараат алгандардын саны бир жарым миңден ашты.
Мындан бир нече күн мурун Франциянын парламенти митингдерге чыгып, тартипсиздик уюштургандарды жазалоо чарасын катаалдаштырган мыйзам кабыл алган.
Акциялар француз бийлигинин 2019-жылдан тарта күйүүчү май үчүн салыкты жогорулатуу тууралуу чечиминен кийин башталган. Париж салыкты көтөрүү чечимин абанын булганышына каршы чара деп түшүндүрүүдө.