Ошол эле учурда ал Янукович эч кандай юридикалык статуска ээ эмес экенин да тактады. Мурдагы украин президенти азыр Орусиянын аймагында жашайт.
Быйыл январда Киевдеги сот Виктор Януковичти "мамлекетке чыккынчылык кылды, агрессивдүү согушка көмөкчү болду" деп айыптап, 13 жылга сыртынан кескен.
Путиндин Януковичти мамлекеттик күзөтчүлөр менен камсыздаган чечими ошол сот өкүмүнөн кийин жана Украинада 31-мартта боло турган президенттик шайлоонун алдында жарыяланды.
Виктор Янукович 6-февралда Москвадагы маалымат жыйынында аны 13 жылга соттогон өкүм адилетсиз жана басым аркылуу чыгарылганын айтып, азыркы президент Петро Порошенконун шайлоодо утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү аз экенине токтолду:
- Мен бул шайлоодо Порошенко таза жол менен утууга жөндөмдүү деп ойлобойм. Анын мынчалык колдогон шайлоочулары жок. 2014-жылдан берки, мамлекеттик төңкөрүштөн берки беш жылды мен эгемен Украинанын турмушундагы эң кайгылуу күндөр деп эсептейм.
Янукович жумалап созулган элдик толкундоонун акыркы күндөрү, 2014-жылы февралда Орусияга өтө качкан. Украинадагы эң бай адамдардын бири болуп саналган Порошенко ошондогу Евромайдан окуяларынан кийин бийликке келген.
Ал Батыш менен мындан ары да жакындашууну жактап, Орусияны Крымды аннексиялаганы жана Донбасстагы жикчилдерди колдогону үчүн айыптап келет.
7-февралда Украина Конституциясына "Мамлекеттин стратегиялык багыты НАТО менен Евробиримдикке мүчө болуу" деген жобо киргизилди.
- Мен эскерте кетким келет, Орусиянын агрессиясы 2014-жылдын февралында чабуул койгондо башталган. Өзүнчө мамлекет болгонубузга карабай, бул макам бизди сактап калган жок. Ошондуктан азыр биз алдыга карай жылып, Евробиримдикке жана НАТОго мүчө болуу жолу менен барышыбыз керек, - деген Петро Порошенко буга чейин 2024-жылы Киев Евробиримдикке жана НАТОго мүчө болууга арыз менен кайрыларын убада кылган.
Ушул эле күнү украин парламенти марттагы президенттик шайлоого орусиялык байкоочулардын келүүсүнө тыюу салган мыйзам кабыл алды. Аны Орусия тарап орунсуз деп эсептейт.
- Бир өлкөнүн байкоочуларынын, атап айтканда, Орусиянын байкоочуларынын ишине кандайдыр бир чектөө киргизүү орунсуз деп эсептейбиз. Бул жерде Орусия тааныбайт дегенди билдирбейт. Бирок ачыктан ачык эле дүйнөлүк коомчулуктун алдында бир өлкөнүн байкоочуларын же байкоочу топторду жектеп бөлүү шайлоодогу легитимдүүлүктү төмөндөтөт, - деди Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков.
Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Орусияны Украинадагы шайлоого байкоо жүргүзүүгө чакырганын билдирген.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссарынын маалымат катчысы Майя Косьянчич байкоочулар боюнча буларды айтты:
- Украина 2014-жылдан бери баарыбызга маалымат болгон кооопсуздук көйгөйлөрүнө туш болуп келе жатат. Бул маселеде биз Украинанын көз карандысыздыгын, суверенитетин жана анын анын эл аралык оомчулук тааныган аймактык бүтүндүгүн колдойбуз. Биз, Еврошаркет, ЕККУнун Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) алдындагы Демократиялык институттар жана Адам укуктары боюнча бюросу (БДИПЧ) миссиясынын байкоосуна абдан чоң маани беребиз. Ошондой эле Украина бул уюмдун байкоочуларына буга чейин болуп келгендей жол менен байкоо жүргүзүүсүн камсыздашы керек деп эсептейбиз.
Украинада 31-мартка белгиленген президенттик шайлоого катышуу ниетин 83 адам билдирген. Талапкерлердин катары калың болгону менен негизги атаандаштык бир нече талапкердин арасында гана жүрчүдөй.
Алардын алдыңкы сабында мурдагы премьер-министр, 58 жаштагы Юлия Тимошенко, куудул, 41 жаштагы саясатчы Владимир Зеленский жана учурдагы президент, 53 жаштагы Петро Порошенко бар.