Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:11

Таиланд падышасынын бир тууганы премьер-министрликке ат салышат


Убол Ратан. 24-март, 2010-жыл.
Убол Ратан. 24-март, 2010-жыл.

Таиланддын падышасынын эжеси, 67 жаштагы Убол Ратан мартта өтө турган шайлоодо премьер-министрликке ат салышарын жарыялады.

Муну менен ал "падышалык үй-бүлө өлкө саясатына кийлигишпеши керек" деген көп жылдардан берки салтты бузууда. Каныке мурдагы өкмөт башчы Таксин Чиннаватты колдогон партиядан көрсөтүлөрү маалым болду.

Чиннават 2006-жылы бийликтен куулуп, Монтенегродон (Черногория) башпаанек алган. 24-мартка белгиленген шайлоодо кийинки нөөмөт үчүн азыркы өкмөт башчы Прают Чан-Оча да чыгат.

Чан-Оча бийликке аскердик төңкөрүштүн арты менен 2014-жылы келген.

Падыша Маха Вачиралонгкорндун улуу эжеси Убол Ратан 1970-жылдары АКШ жаранына турмушка чыкканда өз ыктыяры менен падышалык наамдардан баш тарткан.

Ал 1998-жылы ажырашып, мекенине кайткан, бир нече фильмдерде жана сериалдарда тартылган. Анын талапкерлигин 15-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы карап чыгышы керек.

XS
SM
MD
LG