Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:11

Литва "Система" орус армиясы үчүн маалымат жыйнаган деп шектенүүдө


"Система" ишканасынын Москвадагы штаб-квартирасы.
"Система" ишканасынын Москвадагы штаб-квартирасы.

Бул маалыматтар Литванын Мамлекеттик коопсуздук департаменти даярдаган "Улуттук коопсуздуктун баасы" деп аталган баяндамада айтылган. Анда Орусия картографиялык маалыматтарды чогултуп жатканы, бул ракета учуруш үчүн пайдаланылышы ыктымал экени жазылган. Маалыматка караганда, "Система" Литвада жана Евробиримдик өлкөлөрүндө картография менен иштеген компанияны көзөмөлдөйт.

Коопсуздук кызматы ишкана акциясынын көпчүлүк пайызы орусиялык ишкер Владимир Евтушенковго таандык экенин, ал эми анын бизнесин уулу Феликс жетектей турганын маалымдады.

Владимир Евтушенков РБКдагы маегинде Литвада эч кандай ишканасы жок экенин айтты. "Системанын" Люксембургдагы филиалы – "Sistema Finance S.A.". Ал 2017-жылдан бери литвалык "Laserpas" компаниясынын элүү пайызына ээлик кылат. Бул ишкана учкучсуз учуучу аппараттарды иштеп чыгат.

"Система" компаниясы 1993-жылы түзүлгөн. Ал негизинен Орусия экономикасынын банк, телекоммуникация, кыймылсыз мүлк жана соода тармактарына инвестиция салат. Владимир Евтушенковго ишкананын 59,2 пайыз акциясы таандык.

XS
SM
MD
LG