Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Араванда 33 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы “Азаттыкка” билдирди. Андан алынган маалыматка ылайык, 1-февраль күнү жергиликтүү милицияга Араван районунун аймактык ооруканасынан Уйгур-Абад айылынын 1986-жылы туулган тургуну (М.Г.) өзүнүн үйүндө бийик жерден түшүп кетип каза болгондугу кабарланган.

Араван РИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып текшерүү жүргүзгөн учурда маркум киши колдуу болуп өлгөнү аныкталган. Аны 36 жаштагы күйөөсү, Төбө-Коргон айылынын тургуну (М.Т.) ичине бычак менен сайып өлтүргөн.

Маалыматта айтылгандай, шектүү өзүнүн үйүнүн короосунда аялы менен кошо көчөт өстүрүүчү парник орнотуп жатып өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кеткен да, бычак менен ичине бир жолу сайып жиберген. Натыйжада келинчеги (М.Г.) окуя болгон жерде каза болгон.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүгү («Киши өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголуп, ал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул иш боюнча тергөө-териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. (MdN)

XS
SM
MD
LG