Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Лавров: Экинчи аскердик база ачуу талкууланган жок


Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкектеги расмий иш сапарынын алкагында Кыргызстандын аймагында Орусиянын экинчи аскердик базасын ачууга байланыштуу комментарий берди.

Ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып бул жолугушууларда аталган маселе талкууланбаганын билдирди:

- Бул маселе козголгон жок. Бул боюнча расмий демилге алган жокпуз. Ал эми Ооганстанга байланыштуу сурооңузга жооп берсем, ал жактан Борбор Азияга карата террор жана наркотрафик боюнча коркунучтар бар. Сириядан, Ирактан жана Жакынкы Чыгыштагы башка өлкөлөрдөн террорчулар Ооганстанга дагы эле кирип жатканы жашыруун эмес. Алардын Борбор Азиядагы биздин өнөктөш мамлекеттерге жакын жайгашуусу коопсуздукка өтө чоң көңүл бурууну, анын ичинде Орусиянын бириккен аскердик базасын иштетүүнү талап кылат. Биз бул жолу ошол базаны өркүндөтүү, биринчи кезекте ЖККУнун террорчулукка карата чеби катары колдонуу боюнча маселелерди талкууладык, - деди Лавров.

Лавров мунун алдында Бишкекте Кыргыз-Орус (Славян) университетиндеги жолугушууда да бул маселе боюнча комментарий берген.

Атайын басма сөз жыйынында дагы бир база курууга байланыштуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков да “аталган маселе соңку жолугушууларда талкууланбаганын” билдирди. Ал бул жөнүндө президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин так позициянын айтканын да эске салды.

Буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалган Аликбек Жекшенкулов Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып, расмий Бишкек Кыргызстанда Орусиянын экинчи аскердик базасын ачууну четке какпай турганын билдирген. Анда элчи бул маселе орус президенти Владимир Путин март айында Бишкекке келгенде талкууланышы мүмкүн экенин маалымдаган.

Бул демилге боюнча Кыргызстандагы маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда талкуулар жаралган. Жекшенкулов бүгүн база боюнча анын сөздөрүн айрым күчтөр бурмалып жатышканын айткан эле.

Кыргызстанда азыр Орусиянын бирдиктүү аскер базасы бар. Анын курамына Канттагы аскердик аэродром, Ысык-Көлдөгү аскер-деңиз базасы, Майлуу-Суу шаарындагы сейсмикалык пункт жана Чалдовар айылындагы байланыш түйүнү кирет. (BkA\ErN)

XS
SM
MD
LG