Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун сөөгү бүгүн, 3-февралда Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкек шаарынын Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдында өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана маркумдун туугандары менен жакындары катышты.
Корчубек Акназаров 97 жашка караган курагында дүйнө салды. Ал 1922-жылы 1-августта Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылында туулган. Эмгек жолун 1941-жылы айылдык жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган.
Корчубек Акназаров 1943-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1-Беларус фронтунда баскынчыларга каршы согушкан. (BTo)