Синоптиктердин билдирүүсү боюнча 31-январда түнкүсүн жана күндүз жаан жаап, карга айланат, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо, Ысык-Көл облусунда жана өрөөндөрдө кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5,
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…5,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5,
Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 градус болот.
Суусамыр өрөөнүндө температура түнкүсүн -28…-33, күндүз -13…-18 градуска чейин төмөндөйт.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33, күндүз -5…-10 градус суук болот.
31-январда Бишкекте жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -1…-3° суук, күндүзгү температурасы 1…3° болот. (KR)