Венесуэланын Жогорку соту оппозиция лидери, өзүн "утурумдук президент" деп жарыялаган Хуан Гуайдого өлкөдөн чыгууга тыюу салды. Маалымат агенттиктери Гуайдонун банк эсептери камакка алынып, анын мүлкү менен кандайдыр бир операция жасоого болбой турганын кабарлашты.
Гуайдо Европа Биримдигин АКШнын жолун жолдоп, Мадуронун өкмөтүнө санкция киргизүүгө чакырды. Бул тууралуу оппозиционер саясатчы немистердин "Bild" гезити менен болгон маегинде айтты.
Дүйшөмбүдө АКШ Венесуэланын PDVSA мунай компаниясына санкция киргизип, жети миллиард долларлык активин камакка алган.
АКШ ошондой эле Гуайдого америкалык банктардагы Венесуэланын мамлекеттик эсептерин пайдаланууга жол ачкан.
Венесуэла мунайынын эң ири бөлүгү - 40% АКШга экспорттолорун эске алганда бул олуттуу экономикалык кысым.
Венесуэланын саясий турмушунда армиянын таасири зор. Ошондуктан аскер жетекчилеринин колдоосу Николас Мадуро үчүн чоң күч. Буга чейин "Reuters" агенттиги орустардын "ЧВК Вагнер" деп аталган жеке аскердик компаниясынын 400 жоочусу Каракаска жиберилгенин маалымдаган. Кремль аны четке какты.
29-январда Бириккен Улуттар Уюму каршылык күчөгөн акыркы күндөрү 40 адам өлтүрүлгөнүн билдирди. Анын 26сы өкмөттүк күчтөр тарабынан, бешөө рейд учурунда, 11и талоончулук учурунда ажал тапканы такталган.