Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:08

Жалал-Абаддык аксакалдар өкмөттөн “Бекабад” чекара бекетин ачууну суранышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстан менен чектеш аймакта жайгашкан Сузак районунун “Бекабад” чек ара постун ачууну аксакалдар өкмөттөн суранышты. Бул тууралуу облустук аксакалдар кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев Жалал-Абадда өткөн жыйын учурунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго кайрылды.

- 1994-жылдарга чейин Жалал-Абад-Ош багыты боюнча автоунаалар Өзбекстандын Ханабад шаарын аралап ушул бекет аркылуу 40 мүнөттө жетчү. Азыр Өзгөн шаарын аралап, жол тыгынынан улам эки саатка узарып кетет. Аксакалдардын, элдин талабы ушул болуп жатат - мурда каттап жүргөн жолду кайра ачып берүү. Анткени жол кыскармак жана Өзгөндөгү автоунаа тыгыны азаймак. Ханабаддын ичинде 10 чакырым жүрүп Кара-Суу району аркылуу Ош шаарына кирип барчубуз. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде жол ачылса элге жакшы болмок, – деди Качкынбаев.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эки өлкө ортосундагы чек араны такташуунун акыркы этабы быйыл аяктаарын айтып, “Бекабад” чек ара бекети боюнча маселе ошондон кийин караларын билдирди.

Жалпысынан эки өлкө ортосунда 15 чек ара бекети бар. Анын 11и автоунаа жолу, 4 темир жол. (RsK)

XS
SM
MD
LG