Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Трамптын мурдагы кеңешчиси кармалды


Рожер Стоун
Рожер Стоун

АКШнын президенти Дональд Трамптын санаалашы, политтехнолог Рожер Стоун Флорида штатында кармалганын өлкөнүн Юстиция министрлиги маалымдады.

Шайлоо кампаниясы учурунда Трамптын кеңешчиси болгон Стоунго Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн териштирген иликтөөнүн алкагында жети пункт боюнча айып тагылды.

Атайын прокурор Роберт Мюллердин кеңсесинен билдиришкендей, ал тергөөгө калп айтканы, адилеттүүлүк орнотууга тоскоол болгону жана күбөлөргө кысым көрсөткөнү үчүн күнөөлөнүп жатат.

Бирок Стоунго орус өкмөтүнүн АКШдагы шайлоого кийлигишүүсүн координациялап турган деген айып тагылган жок. Ошол эле маалда ага тагылган айыптын демократиялык партиянын серверинен уурдалган каттарга тиешеси бар.

Мюллердин кеңсеси демократтардын компьютерлери орусиялык хакерлердин чабуулуна туш болгон деп ишенет. Ал шайлоодо Трампка атаандаш болуп демократ Хиллари Клинтон чыккан.

Стоундун баш коргоо чарасы бүгүн сотто каралмакчы.

XS
SM
MD
LG