Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:55

Казакстанда энелер министрдин сөзүнө нааразы болушту


Казакстандын эмгек жана социалдык коргоо министри Мадина Абылкасымова.
Казакстандын эмгек жана социалдык коргоо министри Мадина Абылкасымова.

Казакстанда көп балалуу энелер Интернет аркылуу президент Нурсултан Назарбаевге кайрылып, эмгек жана социалдык коргоо министри Мадина Абылкасымованы иштен алууну суранышты. Буга министрдин бир күн мурдагы билдирүүсү себеп болду. Министр төрт балалуу үй-бүлөгө 30 доллар өлчөмүндөгү жөлөкпул "жетиштүү экенин" билдирип, мындай колдоо башка мамлекеттерде дээрлик жок экенин да кошумчалаган.

Абылкасымованын мындай сөзү коңшу Казакстандагы көп балалуу энелердин нааразылыгын жаратты. Алар социалдык тармактарда флешмоб уюштуруп, ар кандай видеолорду жарыялай башташты.

Казакстанда төрт же андан көп чүрпөсү бар үй-бүлө көп балалуу деп эсептелет. Алтыдан көп балалуу энелерге атайын төш белги ыйгарылат. Буга кошумча жөлөкпул да төлөнөт. Былтыр жыл башынан бери эгер үй-бүлөнүн кирешеси киши башына 37 долларга жетсе, канча балалуу экенине карабастан, жөлөкпул төлөнбөй калган. Коңшу өлкөнүн бийлиги энелердин кайрылуусуна жооп бере элек.

XS
SM
MD
LG